super.kg logo

Илон Маск бир күндө рекорддук 25 миллиард долларга ээ болду

 

Bloomberg агенттигинин жана Bloomberg Billionaires Index (BBI) маалыматтары боюнча SpaceX жана Tesla акцияларына ээлик кылган Илон Масктын байлыгы бир күндө 25 миллиард долларга секирип кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Bloomberg Billionaires Index'тин айтымында, Масктын байлыгы азыр 174 миллиард долларды түзөт. Ал байлыгы 180 миллиард долларды түзгөн Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безостон кийин экинчи орунда турат. Акыркы суткада Безостун байлыгы 5 миллиард долларга көбөйдү.

Масктын байлыгы электромобилдерди чыгаруучу Tesla компаниясынын акцияларынын өсүшүнөн улам көбөйгөн. Буга чейин январь айынын башында Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинде Безосту жеңип, биринчи орунга чыккан, бирок февраль айында экинчи орунга кайтып келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: