super.kg logo

Каракол шаарында 6 жашар кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

 

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 6 жашар кызды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 9-март күнү болжол менен эртең мененки саат 9:30 чамаларында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан, жол кырсыгынан улам ар кандай жаракаты менен травматология бөлүмүнө 6 жашар кыз жаткырылгандыгы жөнүндө маалымат түшкөн. Маалымат боюнча, тергөө ыкчам тобунун кызматкерлери кыздын энесинен жана жол кырсыгынын күбөлөрүнөн сурак жүргүзгөн. Анда Каракол шаарынан белгисиз айдоочу, ак түстөгү Фольксваген үлгүсүндөгү унаасы менен жолдун четинде бара жаткан наристени сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги белгилүү болгон.

Көрүлгөн тергөө ыкчам иштеринин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе кызды сүзүп кеткен айдоочу Түп районунун Талды-Суу айылынан кармалган. Кармалган адам Ак-Суу районунун Жолколот айылынын 24 жаштагы тургуну К.А. болгон. Жүргүзүлгөн алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө, жол кырсыгына шектүү адам таанышынын унаасын сурап алгандан кийин, Каракол шаарына келип жолдун четинде бара жаткан кызды сүзүп алган. Жол кырсыгы болгон жерден качып, унааны ээсине тапшыруу үчүн Талды-Суу айылына келгендигин айткан.

Аталган факты Каракол ШИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда териштирүү иштери башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: