super.kg logo

УКМК: "Пандемияда социалдык өнүгүү министрлиги майыптардын коляскаларын жогорулатылган баада сатып алган"

 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда майыптар коляскасын жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып, жалпы суммасы 28 миллион 754 миң сомду түзгөн. Ал эми майыптар коляскасынын базардагы баасы 15 миң сом болгон.

"Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкерлери өз иш-аракеттери менен мамлекеттик бюджетке 15 миллион сомдон ашык зыян келтиришкен. Бул факты боюнча мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси "билип туруп пайдасыз контракт түзүү" боюнча кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(2)
10.03.2021. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Моторлууларыда бар болчу ошолор кымбатда
10.03.2021. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп олуп кеткиле аа инвалидттердин акчасынан дагы жарыбагырлар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: