super.kg logo

Токтогулда баңгизатты сатып жүргөнгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды

 

ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери баңгизатты сатып жүргөн жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

ИИМдин аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагында баңгизаттарды жайылтып жүргөндөр жөнүндө маалымат алышкан. Ошондой эле алар сатып алуучуларды издеп жаткандыгы жөнүндө дагы ыкчам маалыматка ээ болушкан.

Ушул жылдын март айынын башында бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Баңгизат сатуучуларды аныктоо жана аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында кызматкерлер шектүүлөрдү кармоо боюнча атайын операцияны жүргүзүшкөн. Тыкыр иликтөөнүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу М.Н. экендиги аныкталган.

Март айынын башында ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, баңгизаттарды сатуу фактысы аныкталып, милиция кызматкерлери өзгөчө кескин жыты бар затты алышкан. Экспертиза тастыктагандай, бул баңгизат 54, 21 граммды түзгөн гашиш болуп чыккан. Мындан аркы иликтөөнүн жүрүшүндө, баңгизаттын кезектеги партиясын сатуу учурунда Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жашоочусу 1971-жылы туулган М.Н. кармалган. Кароо жүргүзүү учурунда баштыктан ширенкенин кутучасы түрүндөгү 20 брекеттелген зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган зат 226,11 грамм салмактагы каннабистин чайыры болуп чыккан. Шектүүдөн жалпысынан 280 грамм гашиш алынды.

Азыркы учурда иликтөө уланып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: