super.kg logo

О!дон мугалимдер, мектеп окуучулары жана студенттер үчүн социалдык тарифтер

 

О! Мобилдик оператору социалдык тарифтерди сунуштоо практикасын улантууда.

Мобилдик байланыш үчүн жеткиликтүү жана жѳнѳкѳй чечимдерди издештирген мугалимдерге, мектеп окуучуларына жана студенттерге колдоо кѳрсѳтүү үчүн О! түйүнүндѳ атайын сунуштар бар.

«Мугалим», «Окуучу» жана «Переходи на О! Студент Онлайн» тарифтик пландары кадимки траифтерден кыйла пайдалуу. Алардын ар бири ѳз аудиториясына багытталып, түрдүү «фишкаларды» камтыйт. Бирок баарынын жалпы ѳзгѳчѳлүгү – аларда окуу жана окутуу үчүн гана эмес, баарлашуу үчүн дагы зарыл болгон бардык нерсе бар:

  • О! түйүнүндѳ ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS;
  • Баарлашуу жана онлайн-окуу үчүн керек болгон WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom жана Google Classroom сыяктуу популярдуу мессенжерлер менен платформаларды АКЫСЫЗ колдонуу мүмкүндүгү + жогорку ылдамдыктагы интернет топтому;
  • «О!TV Окуу» билим берүү ТВ-каналдарынын топтомуна АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү;
  • «Мой О!» тиркемесиндеги электрондук окуу китептери, жүгүртмѳлѳр жана видео сабактар орун алган «Мектеп» бѳлүмүнѳ АКЫСЫЗ кирүү мүмкүндүгү.

Керектүү тарифти «Мой О!» тиркемесинен онлайн-каттоодон ѳтүү аркылуу кошуп алууга болот. Тиркемени кѳчүрүп, «Тарифтер» менюсуна кириӊиз жана «Окуу үчүн» категориясын таап, атайы форманы толтуруӊуз. Тариф ѳтүнмѳӊүз каралып чыккандан кийин, катталуу ишке ашырылган телефон номерине бир күндүн ичинде автоматтык түрдѳ кошулат. Ошондой эле бардык O!Store сатуу жана тейлѳѳ кеӊселеринде дагы тарифти кошууга болот: мугалимдердин жанында паспорту, студенттерде – студенттик билети, ал эми окуучуларда – туулгандыгы жѳнүндѳ күбѳлүк болууга тийиш.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: