"Москвичтин акчасына Мерседес бербейт". Улукбек Кочкоров айыптоолорго жооп кайтарды

"Мен министр болуп келгенде шал ооруусу (ДЦП) менен ооруган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз жөнөкөй колясканын ыңгайсыздыктарын айтышып, көп функционалдуу коляскага өтө муктаж экенин билдирип жатышты. Бул маселени чечүү үчүн министрлик бир жыл талыкпаган эмгек жумшап, көп функционалдуу коляска алууга уруксат жок деген өкмөттүн жобосуна өзгөртүү киргизгенге жетишти. Жыйынтыгында, муктаждарды көп функционалдуу коляска менен камсыздоого жол ачылды. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз чексиз ыраазычылыктарын айтышып, кубанычтан көз жашын агызышкан. Биз алар үчүн жакшы иштерди жасаганыбызга ыраазымын.
Эми бааларына токтолоюн. 15000 сомдук коляска дегени бул жөнөкөй бөлмөдө жүрүүчү коляскалар. Андайларды министрлик 10 миң сомдун тегерегинде сатып алган. 50 миң сомго алды делген коляскалар көп функционалдуу коляскалар. Шал ооруусу менен ооруган балдарга ылайыкталган. Тулку боюн, белин, моюнун, башын түз кармайт, чалкалатып уктаганга ылайыктап койсо болот, отуруп тамак ичкенге ыңгайлаштырылган, айтор, көп функциясы бар. Албетте, мунун баасы 15 миң сом эмес. Анын баасы 100 миң сомго чейин барат. Аны ар кандай интернет сайттарынан карап көрсөңүздөр болот.
Аныгына жетпей туруп, каңырыш угуп алып эле айта берген, жаза берген ылайыксыз нерсе. Ырас, "Москвичтин акчасына Мерседес бербейт. Ар бир нерсенин өзүнө жараша баасы болот. Албетте, мыйзам бузуулар болсо, тиешелүү адамдар жооп бериши керек, бирок министрликтин кызматкерлеринин эч кандай күнөөсү жок деп ишенем", - деп жазган ал.
Буга чейин УКМКнын маалымат кызматы Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан пандемия учурунда майыптар коляскасын жогорулатылган баада сатып алуу фактысы аныкталганын билдирген. Анда аталган министрлик тарабынан пандемия учурунда 522 даана майыптар коляскасын 57 миң сомдон сатып алып, жалпы суммасы 28 миллион 754 миң сомду түзгөнү айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:24
2025-08-05
16:9
2025-08-05

15:58
2025-08-05

Рейтинг:
2

Комментарийлер(3)
Asmat84

11.03.2021. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен ишенем... Улукбек Кочкоров андай ыплас иштерди жасабайт
Bekbolot008

11.03.2021. 14:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Ушул майыптарга деген акчаданда жеген болсо олупеле алган жакшы да
Margana93

11.03.2021. 21:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улукбек Кочкоров эң жакшы министр болгон таза иштегенине ишенем
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.