super.kg logo
  Саясат  

Депутат Акаев: "Референдум жөнүндө мыйзам долбооруна кечээ добуш берилгенде өтпөйт болчу"

 

"Референдум жөнүндө мыйзам долбооруна кечээ добуш берилгенде өтпөйт болчу", - деп бүгүн, 11-мартта депутат Жанар Акаев журналисттерге билдирди.

Жанар Акаев аталган мыйзам долбооруна каршы добуш берди.

"Жогорку Кеңештин депутаттары ар бир сессияда ушундай катышып, ушундай иштесе жакшы болмок. Кээ бир депутаттарды чет мамлекеттен чукул келтирип, айрымдарын абактан алып чыгып добуш бердиришти. Кечээ добуш берүү болгондо мыйзам долбоору өтмөк эмес.

Бүгүн эң негизгиси жеңин түрүп иштей элек президенттин мөөнөтүн узартып беришти. Ал азыркы баш мыйзам менен шайланды да, ошондо Садыр Жапаров 2037-жылга чейин президент болуп иштесин деген эле сөз болду", - деди Жанар Акаев

Бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште референдум жөнүндө мыйзам долбоору экинчи, үчүнчү окууда кабыл алынды. Жалпы 100 депутат каттоодон өтүп, "макул" деп 94, "каршы" деп 6 депутат добуш берди.

Кечээ, 10-мартта референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берилген эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: