super.kg logo

Өлкөгө COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүү үчүн кезектеги жардам келди

 
Бүгүн, 11-мартта Европа биримдиги Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигине COVID-19 пандемиясына каршы иш-аракетин колдоо иретинде жалпы суммасы 100 миң еврого бааланган материалдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Ага ылайык, бул материалдар диагностикалык жана сыноолорду жүргүзүү үчүн тесттик топтомдорду камтып, 8000 ПЦР-тест жасоого жетиштүү.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев Европа биримдиги тарабынан COVID-19 илдети менен күрөшүүдө кыргыз калкына лабораториялык адистердин кошумча резервин даярдап, Кыргыз өлкөсү үчүн өтө зарыл болгон акысыз колдоосу үчүн жана COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн лабораториялык материалдар менен камсыз кылынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
"Европа биримдиги кыргыз эли үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет жана биз Кыргыз өлкөсүн COVID-19 илдетине каршы күрөштө колдоону уланта беребиз" деген элчи Эдуард Ауэр.
"Берилген материалдар Кыргыз өлкөсүнүн саламаттыкты сактоо тутумунун тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана жан аябас кыргыз дарыгерлерине, адамдарды коронавирус илдетинен сактоо милдетин аткарууга жардам берет. Пандемия баарыбызга терең таасирин тийгизди. бирок биз анын алып келген бардык кыйынчылыктарын жана кесепеттерин бирге жеңе алабыз", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: