super.kg logo

Кара-Суудагы уулануу: Бир бейтаптын абалы өтө оор, юбилейге конок болгон дагы 15 киши жашаган аймагы боюнча көзөмөлгө алынды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда массалык уулануу болуп, анын кесепетинен 2 аял каза болду. Дагы 11 адам ооруканада дарыланып жатканы акимчилик тарабынан белгилүү болгон.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен бүгүн, 11-март саат 14:30га карата бейтаптардын абалы тууралуу маалымат таратты.

"Жалпысынан Ош облустук ооруканасына 13 жаран кайрылып, анын ичинен 50 жана 58 жаштагы аялдар каза болушкан.

Учурда 1 бейтап Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Дарыгерлер бейтаптын абалын өтө оор деп баалашууда. Ал эми калган 10 бейтап Кара-Суу аймактык ооруканасында жатат. Абалдары туруктуу оор. Баары тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Мындан тышкары юбилейге барган 15 киши жашаган аймагы боюнча дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган. Уулануу боюнча эпидемиологиялык териштирүү иштери улантылууда", - деп билдиришти.

Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги уулануу туулган күндүк кечеден кийин болгонун, бейтаптар алгач өз алдынча дарыланганын кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2021. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сакта бул атайын жасалып атабы, ар эки күндө эле массалык уулануу дейсиңер. Ресторан, кафелерде не уу кошулган тамактар берилип атабы?
11.03.2021. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстанга ууландыра турган спирт кирип кеткен окшойт границадан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: