super.kg logo

Google компаниясы YouTube блогерлерине салык салынарын эскертти

 

Google ушул жылдын июнь айынан тартып дүйнө жүзүндөгү YouTube блогерлерин АКШнын жарандары көргөн видеолорунан түшкөн кирешеге салык төлөөгө милдеттендириши мүмкүн. Тиешелүү маалымат компаниянын сайтында жарыялангандыгын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул каналдарын монетизация кылган авторлорго гана таасирин тийгизери белгиленди.

“2021-жылдын июнь айынан баштап Google сиздин өлкөдөгү YouTube кирешеңизге АКШдан түшкөн салыкты кармай башташы мүмкүн. Ошондуктан AdSense'ке салык боюнча маалыматыңызды мүмкүн болушунча эртерээк тапшырууңузду өтүнөбүз. Эгер сиз 2021-жылдын 31-майына чейин талап кылынган маалыматты бербесеңиз, бардык өлкөлөрдө иштеп тапкан кирешеңизден 24 пайыз өлчөмүндө салык кармалышы мүмкүн", - деп айтылат 11-марттагы билдирүүдө.

Бүгүнкү күндө АКШдагы блогерлер салык төлөп жатышат. Ошол эле учурда Google жана YouTube адистери документтерди толтуруу боюнча сунуштарды беришпейт, компания бардык маселелер боюнча салык консультантына кайрылууну гана сунуш кылган. Документтерди тапшыруу үч жылда бир талап кылынат.

Google компаниясынын билдирүүсүнө ылайык, чаралар АКШнын ички киреше кызматынын талаптарын аткаруу үчүн зарыл.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: