super.kg logo

"Кедей өлкөлөр үчүн вакцина". Коңшу Өзбекстан AstraZeneca вакцинасын алат

 

Коңшу Өзбекстан Индияда иштелип чыккан AstraZeneca вакцинасын алат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коомдук саламаттыкты жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын жетекчиси Баходир Юсупалиев айтканын жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, AstraZeneca вакцинасы болжолдуу 15-20-март аралыгында келиши күтүлүүдө.

"Аталган вакцина 660 миң доза өлчөмүндө 15-20-март аралыгында келиши күтүлүүдө. AstraZeneca вакцинасы COVAX программасынын негизинде келмекчи.

COVAX программасынын алкагында Өзбекстанга 2 миллион 600 миң доза вакцина бөлүнгөн", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, учурда Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөгө коронавируска каршы вакциналардын келишин күтүүдө.

COVAX программасы боюнча июнь айына чейин кирешеси төмөн жана орто 92 өлкөгө вакциналар берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: