Өзгөндө жергиликтүү тургундун торпокторун уурдап, базарга сатып жиберген деген шек менен 3 адам кармалды




Ош облусунун Өзгөн районунда жергиликтүү тургундун торпокторун уурдап, базарга сатып жиберген деген шек менен 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 8-март күнү Өзгөн РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 64 жаштагы М.Ч. арыз менен кайрылган. Арызда 7-март күнү түнкү саат 02:00 чамасында мал сарайынын ичинде камалып турган 2 торпогун белгисиз адамдар уурдап кетишкендигин билдирген. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү башталган.
10-март күнү Өзгөн РИИБинин криминалдык милиция кызматынын ыкчам өкүлдөрүнүн жүргүзгөн иш-чараларынын негизинде окуяга шектүү катары 54 жаштагы Б.Ч., 23 жаштагы А.у.А жана 24 жаштагы К.У. аттуу адамдар кармалган.
Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө шектүүлөр торпокторду Хундай-Портер унаасына жүктөп, Кара-Суу районунда жайгашкан "Учкун" мал базарына алып барып 74 миң сомго сатып жибергендиги аныкталган. Кармалган адамдар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Азыркы күндө кармалган жарандар Өзгөн районунун аймагында болгон башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Gulina90

12.03.2021. 07:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачкадан олуп баратса да иштеп таппайбы,огуздой эле эркек экен,берки экоо Аш десе ашка,иш десе ишке тойбогон маалы эле,Арам акча ондурбайт.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.