super.kg logo

"Базардагы ишкерлерден мыйзамсыз акча чогулткан". Ошто шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы кармалды

 

Ош шаарындагы №1 шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз акча чогултуу боюнча туруктуу коррупциялык схемасы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, кечээ, 10-мартта Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 326-берене "пара талап кылуу" фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Ош шаарынын №1 ШМБ башчысы милициянын подполковниги кармалган.

"Такталган боюнча, №1 шаардык милиция бөлүмүнүн жетекчиси базар ишкерлеринен 6 миңден 7 миң сомго чейин мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурганы аныкталды.

Кызматтык бөлмөлөрүн тинтүү учурунда мурда пара катары берилген акча каражаттар табылып алынды. Кармалган адам Ош шаардык жана Ош облустук УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(4)
11.03.2021. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арам тамак картан чал олуп эле албайсынбы арам акча менен балдарынды бакканча. Канча жылдан бери кимдер берип келет ошолорду тактап, акчаларын проценти менен кайтарып берсин арам подполковник
11.03.2021. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ычкырыңа муунуп өлүп калсаңсы
11.03.2021. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай акмактарды атып эле салбайбы. Чиновниктерге сабак болмок.
11.03.2021. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ош базарында текшерип койгулада
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: