super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "8 балама жөлөк пул чыкпай калыптыр, буга ким күнөөлүү?" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "Соңку кабар" бөлүмүнүн "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Каракол шаарынын тургуну кайрылды. Айтымында, анын балдарынын жөлөк пулуна деп өткөргөн документи кабыл алынган эмес.

"Каракол шаарындагы социалдык өнүгүү башкармачылыгына үстүбүздөгү жылдын 3-мартында 8 балам үчүн ай сайын төлөнүүчү балдардын жөлөк пулуна документ өткөргөм. Бүгүн, 11-мартта балдарга тамак-аш алуу үчүн банкка акча алганы барсам акчам которулбаптыр.

Таң калганым балдарга эмне үчүн март айына акча которулбай калат. Мектепте жети балам окуйт, алардын кем-карчын, тамак-ашын кайсы жактан камсыз кылам, өзүбүз батирде турабыз. Электр жарыгына төлөш керек.

Бул балдардын ырыскысын тоспой, документти убагында өткөрүп койсо мындай мүчүлүштүктөр жаралмак эмес. Балдардын улуусу он беш жашта, кичүүсү сегиз айлык. Бир үйдөгү ушунча баланын жөлөк пулу чыкпай калганына ким күнөөлүү?", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.03.2021. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча бербей койсонуз откорбой коюшат,800с учун дубанадай жалдыратышат экен,айрыкча районодо отургандар,бизда тапшырдык эле эки комната уйун,эшигинде багын бар экен деп откорбой койду.Бизден бай жашаган,баня иштеткен,малы,кой,жылкысы бар аял тапшырды,2000с берип аныкы отту.
12.03.2021. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пландап торогуло да,тороп-тороп алып док кылбай!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: