super.kg logo
  Саясат  

Жапаров менен Мирзийоев: Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуу аземи кандай өттү? (сүрөт)

 

Бүгүн, 11-мартта Ташкент шаарынын «Куксарой» резиденциясында Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Резиденциянын алдындагы аянтка Кыргыз өлкөсү жана Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинген.

"Эки өлкөнүн гимндери жаңыргандан кийин мамлекет башчылары Ардактуу кароол ротасынын тизилген жоокерлерин бойлоп басып өтүштү.

Андан ары Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев өздөрүнүн расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Андан соң Ардактуу кароол ротасы аскердик оркестрдин коштоосунда салтанаттуу марш менен өттү.

Расмий жолугушуу аземинин жыйынтыгында Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев чакан форматтагы сүйлөшүүгө киришти", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: