super.kg logo

Дүйнөдөгү эң ири алтын кени Өзбекстанда жайгашкан

 

Өзбекстандагы "Мурунтоо" дүйнөдөгү эң ири алтын кени деп табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, "Kitco" компаниясынын адистери 2020-жылы алтын кендерине рейтинг жүргүзгөн. Ага ылайык, жылына 2 миллион унция же 57 тоннага жакын алтын өндүргөн Өзбекстандын Навои облусундагы "Мурунтоо" кени биринчи орунду ээлеген.

"Адистердин баамында, "Мурунтоодогу" алтындын запасы 150 миллион унциядан ашат. Кендин узундугу 3,3 километр, туурасы 2,5 километр жана тереңдиги 600 метр. 150 миллион унциядан ашуун запасы бар Мурунтоо жакынкы келечекте дүйнөдөгү эң ири алтын кен макамын сактап калат", - деп айтылат билдирүүдө.

Рейтинг боюнча кийинки орунда АКШдагы "Карлин" жана Орусиядагы "Олимпик" алтын кендери турат.

Белгилей кетсек, "Мурунтоо" кени 1958-жылы советтик геофизиктер Юрий Мордвинцев жана Петр Храмишкин тарабынан ачылган. 1969-жылы бул жерде өнөр жайлык алтын казуу башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: