Бишкекте бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды
Бишкекте милиция кызматкерлери тарабынан бир нече уурулук фактыларынын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрь күнү Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Милицияга арыз менен 40 жаштагы К.Б. аттуу жаран кайрылып, гаражынын 7000 сомдук темир эшиги уурдалганын айткан. Бул кылмышка шектелип 41 жаштагы К.Т. аттуу жаран кармалды.
Милицияга 58 жаштагы С.Ж. аттуу шаар тургуну кайрылып, көчөдөн белгисиз бирөө автоунаасын ачып, ичинен 5000 сом уурдап кеткенин айткан. Бул кылмышка шектелип 18 жаштагы А.Э. аттуу Кара-Балта шаарынын тургуну колго түштү. Мындан башка да бир нече кылмыш ачыкталды. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Bekadyl

11.10.2013. 14:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйратышыптыр. Менин кошунамдын уйуно жакында эле эки жолу ууру кирди,табашышкан жок. Биринчисинде 100 000 сом м.н 170 000 сомго барабар алтынды,экинчисинде 2 ноутбук м.н 1 телефонду шылып кетишити. Милициядан дайын жок....
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.