super.kg logo

"Google" компаниясы июнь айынан тарта YouTube блогерлеринен салык ала баштайт

 

АКШдан сырткары башка өлкөдө жашаган YouTube видеоблогерлерине "Google" компаниясы салык киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын июнь айынан тарта жарнамалардан акча тапкан, башка өлкөдө жашаган авторлорго АКШнын системине ылайык салык киргизиле тургандыгы каралууда.

"АКШдан башка өлкөлөрдө жашаган, жарнамадан киреше тапкан блогерлер 2021-жылдын 31-майына чейин "AdSense" программалык камсыздандыруу кызматына жеке салык маалыматтарын жибериши керек. Анын жардамы менен авторго салык салынабы, анын суммасы кандай болот, жалпы өзүнө керектүү маалыматтарды аныктап алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми блогер салык маалыматын өз убагында жиберген болсо, анда "Google" АКШ жарандарынан гана турган көрүүчүлөрдөн эсептеп, жалпы түшкөн каражаттын 10дон 30 пайызга чейинки суммасын эле ала турганын кошумчалаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
12.03.2021. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушуну жакшы кылыптыр, каяктагы тантыраган, тарбиясыз, билимсиз адамдардын видеолору азайып бир максатты коздогон блогерге пайда алып келген жакшы роликтер калса экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: