super.kg logo

Чаламандын чак түшүндө бычакталып. Кара-Сууда кылмыштын изи сууй электе адам өлтүрүүгө шектүү кармалды

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда кылмыштын изи сууй электе адам өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-март күнү саат 17:28де Кара-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Суу шаарында орун алган "Оомат" базарында белгисиз жаран денесинен миздүү нерседен жаракат алып, ооруканада өзүнө келбей каза болгондугу тууралуу кабар келип түшкөн.

Бул факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"11-март күнү саат 17:00 чамаларында "Оомат" базарында жабырлануучуну миздүү нерсе менен моюнунун сол тарабына сайып, кылмыш болгон жерден изин жашырып качып кеткен. Натыйжада ал денесинен алган жаракатынан улам Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө жеткирилип, бирок өзүнө келбей каза болгон. Ал эми окуя болгон жерден табылган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалган. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе аталган кылмышка шектелип 47 жаштагы кошуна мамлекеттин жараны кармалган.

Шектүү аталган базарда 7 жылдан бери маркум менен чогуу жүк жүктөп араба түртүп иштеп жүргөн. Маркум да кошуна мамлекеттен көчүп келип 5 жыл мурда Кыргыз өлкөсүнүн жарандыгын кабыл алган. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Эки күн ичинде баш коргоо чарасы каралмакчы", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
12.03.2021. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озубектер,тажиктер Кыргызстанга келип кутуруп атат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: