super.kg logo

Бишкектеги СИЗО-1де камалган жарандар оозун тигишти

 

Бишкектеги СИЗО-1деги жарандар оозун тигишти. Бул тууралуу өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар аталган жайга жетекчи болуп келген Марс Жусупбековдун кызматка келишине нааразы.

Алдын ала маалымат боюнча 3 шектүү оозун тиккен.

Бул маалымат боюнча Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы маалымат бере элек жана байланышууга мүмкүн болбой жатат.

Эске салсак, Марс Жусупбеков кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана кызматтык укук-милдеттеринен аша чапкан деп айыпталып, Октябрь райондук соту 4 жылга эркинен ажыраткан. Андан соң Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Марс Жусупбеков бул өкүмгө макул болбой Жогорку Сотко кайрылган.

Жогорку Сот бардык чыккан чечимдерди жокко чыгарып кайра жаңы тергөөгө жөнөткөн. 2020-жылы Октябрь райондук соту жаңы ишти карап чыгып Жусупбековду актаган. Андан соң шаардык жана Жогорку Сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Тактап айтканда, Жусупбеков толук акталып чыккан.

Жакынкы арада ал кайра СИЗО-1деги кызматына дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: