Эртең Жалал-Абадда жаз жарманкеси өтөт
Эртең, 13-мартта Жалал-Абад шаарында жаз жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.Маалыматка ылайык, жаз жарманкеде шаар тургундары ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн арзан баадагы азык-түлүктөрдү ала алышат.
"Жарманкеде эт, май, ун жана жашылча-жемиш өңдүү негизги керектелүүчү азыктар сатыкка чыгат. Жарманке эртең мененки саат 10:00дө башталып, "Береке" базарында өтөт. Шаар тургундары азык-түлүктү дыйкандар, ата мекендик өндүрүшчүлөрдөн базар баасынан арзан наркта ала алышат", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, азык-түлүк жарманкелери Бишкек шаарында дем алыш күндөрү байма-бай өтүп келүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:18
2026-03-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















