super.kg logo

Японияда сакура дарагы эрте гүлдөдү

 

Ушул аптада Япониянын батышында алгачкы сакура гүлдөрү ачылды. Бул тууралуу 12-мартта Япониянын улуттук метеорологиялык башкармалыгына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Япониянын символу болгон биринчи сакура гүлдөрү 11-мартта Хиросима шаарында гүлдөп баштаган. Бөлүмдүн кызматкерлери божомол кылгандай, февраль айында байкалган жазгы аба ырайы дарактын гүлдөшүн тездеткен.

Билдирүүдө бул өлкөдөгү сакуранын эң эрте экинчи гүлдөгөнү экендиги белгиленди. Буга чейинки рекорд 2010-жылы 10-мартта катталган.

12-мартта япониялык метеорологдордун айтымында, сакуранын экинчи гүлү быйыл Фукуока шаарында башталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: