super.kg logo

Буту менен муунтуп... Меган Маркл менен Елизавета II'нин карикатурасы чыкты

 

Франциянын сатиралык "Charlie Hebdo" журналы британ ханзаадасы Гарринин жубайы Меган Марклдын падышалык үй-бүлөдөгү расизм жөнүндө билдирүүлөрүнөн кийин окуяга байланышкан карикатура чыгарды. Карикатура басылманын Твиттердеги баракчасына жарыяланганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.

Журналдын мукабасындагы карикатурада ханыша Елизавета II Сассекс герцогинясын буту менен муунтуп жатканы чагылдырылган. Анда "эмне үчүн Меган Букингем сарайынан качып кеткен?" деген темага "мен дем ала албай калгандыктан" деп жооп берет Марклдын сүрөтү.

Журналдын жаңы саны сатыкка чыга электе Твиттерге мукабасы жарыялангандыктан, карикатура интернет колдонуучулардын катуу реакциясын жараткан.

8-мартта Си-Би-Эс телеканалы ханзаада Гарри менен Меган Марклдын АКШга көчүп келгенден кийин берген биринчи маегин обого чыгарды. Гарринин айтымында, Меган биринчи кош бойлуу кезинде, падышалык үй-бүлөнүн айрым мүчөлөрү курсактагы баланын терисинин түсүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен. Меган бул маселеге байланыштуу өзүн-өзү өлтүрүүнү ойлонуп жүргөнүн да жашырган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.03.2021. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Осурака арпа нан шылтоо дегендей эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: