super.kg logo
  Саясат  

Президент кийинки аптада "Жер Үй" алтын кенине барат. Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

 
Бүгүн, 12-март, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаров Өзбекстандын мамлекет жетекчилери менен жолугушту
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Өзбекстанда жүрөт. Кечээ, 11-мартта Ташкент шаарынын "Куксарай" резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Анда Кыргыз-Өзбек биргелешкен кызматташуусун өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бүгүн, 12-мартта президент Садыр Жапаров Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлисинин мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолукту. Ал Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен дагы жолугуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык тармактары боюнча сүйлөшүштү.
Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев "Куксарай" резиденциясына бак отургузушту.

Маалыматка ылайык, бул салтанат Кыргыз-Өзбек мамилелериндеги жаңы доордун башталышынын жана эки өлкөнүн элдеринин достугунун бекемделишинин символу болду.

Аллеяда өнөктөш өлкөлөрдүн лидерлери отургузган башка бактар ​​дагы өсөт.

Садыр Жапаров кийинки аптада "Жер Үй" алтын кенине барат

Президент Садыр Жапаров 17-мартта "Жер Үй" алтын кенине барат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Таласка болгон иш сапары пландаштырылып жатат. 17-мартта "Жер Үй" алтын кенинде иш-чара өтүүсү күтүлүүдө.

"Жер Үй" алтын кени Талас районунун Бекмолдо айылында жайгашкан. Садыр Жапаров мындан тышкары Таластын дагы кайсы жерлерине барары азырынча белгисиз.

Эске салсак, Садыр Жапаров 24-25-февралда алгачкы иш сапары менен Орусияга барган.

"Алтын Альянс" ишканасынын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова иш-чаранын так күнү белгилене электигин билдирди.

Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды

Кызматы жоюлуп кеткен Сыймык Жапыкеевге генерал-майор наамы ыйгарылды. Маалыматты SUPER.KG порталына Жапыкеевдин жакындары тастыкташты.

Ал эми Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына "Достор, эң биринчи сиздерге рахмат, Кудайга ыраазымын. Президентке чоң рахмат, чын жүрөктөн кубанып жатам. Эл, жер, өлкө үчүн эмгегимди аябайм", - деп жазды.

5-мартта премьер-министр Улукбек Марипов Финполду Ички иштер министрлигинин курамына киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон.

Өкмөт башчы өлкөнүн түштүк аймактарына иш сапары менен барат

Премьер-министр Улукбек Марипов жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө өкмөт башчы бир катар социалдык объектилерге капсула салуу салтанаттарына катышып, айыл чарба объектилеринин иши менен таанышып, Ош облусунун Араван районунун дыйкандары менен жолугушмакчы.

Мындан тышкары ал Жалал-Абад жана Ош облустарындагы бир нече социалдык, инфраструктуралык объектилердин абалы жана айрым өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: