super.kg logo
  Саясат  

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды

 
Президент Садыр Жапаровдун 11-12-марттагы Өзбекстан Республикасына болгон мамлекеттик сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Мамлекеттик сапар Ташкент шаарында «Эгемендик» аянтындагы «Көз карандысыздык жана гуманизм» монументине гүл коюу менен башталды.
Андан соң «Куксарой» резиденциясында президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев расмий жолугушуу аземи болуп, кийин мамлекет башчылары чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен эки өлкөнүн президенттери биргелешкен билдирүү кабыл алышты. Анда ачык-айкын, достук жана конструктивдүү маанайда өткөн сүйлөшүүлөрдүн үзүрлүү болгондугу белгиленди.
Ошондой эле кызматташууну тереңдетүүгө багытталган жыйырмадан ашуун документке, анын ичинде Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Мамлекеттик сапардын экинчи күнү Өзбекстан парламентинин кош палатасынын башчылары — Олий мажлистин Сенат төрайымы Танзила Нарбаева жана мыйзам чыгаруу палатасынын спикери Нурдинжон Исмоилов менен жолугушуулардан башталды.
Ошону менен катар мамлекет башчы Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Анда Абдулла Арипов жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жетишилген бардык келишимдерди турмушка ашырууга даярдыгын билдирди.
Мамлекеттик сапарын жыйынтыктаган президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Бишкек шаарына кайтып келди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: