super.kg logo

"Гемотест" Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 үчүн өтө шашылыш ПЦР-тестин киргизет

 

“Гемотест” лабораториясы Кыргыз өлкөсүнүн айрым бөлүмдөрүндө жаңы кызматты - биоматериалды алгандан төрт саат өткөндөн кийин натыйжасы даяр болгон COVID-19 үчүн өтө шашылыш ПЦР-тестин киргизүүдө.

Жаңы кызмат көчмө мини-лаборатория жана «Эвотек-Мирай Геномикс» ЖЧКсы тарабынан чыгарылган реагенттердин жардамы менен жүргүзүлөт.

Тесттин жогорку ылдамдыгы аны анча ишенимдүү кылбайт - анализдин сезгичтиги жана өзгөчөлүгү 100 пайызга барабар, бул убакыттын тартыштыгында, тактап айтканда маанилүү жолугушуу же иш сапары бар күтүлбөгөн жерден келип чыкса ПЦР-тестинин так натыйжасын алууга мүмкүнчүлүк берет.

Азырынча бул кызмат менен Бишкек жана Токмок шаарларындагы бөлүмдөрдө гана колдоно аласыздар. Изилдөөгө даярдык эреже башка ПЦР-тесттерден айырмаланбайт.

Бейтап анализин QR-коду менен орус жана англис тилинде ала алат. «Гемотест» лабораториясынын анализинин жыйынтыгын бардык өлкөлөрдө кабыл алып, бул документ саякаттоого жардам берет.
COVID-19 үчүн өтө шашылыш ПЦР-анализинин баасы биоматериалдарды эсепке албаганда 4 миң 900 сомду түзөт.

Аны бөлүмдө дагы, үйдө дагы "Гемотест" медайымына чалып тапшырсаңыз болот. Изилдөөнүн натыйжалары gemotest.ru сайтындагы жеке кабинетиңизде көрсөтүлөт же электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт. Эгерде бейтап телефон номурун калтырып кетсе, СМС аркылуу жыйынтык даяр болгонун маалымдайт. 0-800-111-88-88 номери аркылуу консультация алса болот. Республика боюнча чалуу акысыз.

Колдонулган изилдөөлөр жөнүндө маалыматты Кыргыз мамлекетиндеги “Гемотест” лабораториясынын gemotest.kg сайтынан таба аласыз. Каршы көрсөтмөлөр бар. Адиске кайрылыңыз.

Шашылыш ПЦР-тест кызматынын бөлүмдөрүнүн даректери:

Бишкек шаары:

Армейская көчөсү, 150;
Панфилов көчөсү, 203;
Москва көчөсү, 136;
Байтик баатыр көчөсү, 5Б;
3-кичи району, 28/2;
Манас кең көчөсү, 30.

Токмок шаары:

Шамсин көчөсү, 42.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: