super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды

 
Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 11-октябрда билим берүү жана илим министри Канат Садыковду кабыл алды. Жолугушууда Садыков Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык иш-чаралар 2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылып жатканын белгиледи. Анда билим берүү системинин максаты "атаандашууга жөндөмдүүлүктү жана өлкөнүн гүлдөп өнүгүшүн камсыз кылууга, ошондой эле адам капиталынын наркын жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүү" деп аныкталган. Президент Алмазбек Атамбаев сапатын жогорулатууга багытталган билим берүү секторун реформалоону улантуунун маанисин баса белгиледи. Экономиканы квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу өлкөнү туруктуу экономикалык жана социалдык өнүктүрүүнүн зарыл шарты экендигин кошумчалады. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: