super.kg logo
  Саясат  

Улукбек Марипов Жалал-Абад шаарындагы социалдык комплекстин курулушу менен таанышты (сүрөт)

 

Премьер-министр Улукбек Марипов «Ассанабил» эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп жаткан Жалал-Абад шаарындагы «Бахрейн» социалдык комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

"Биздин өлкөдө жөн гана турак үйлөр салынбастан, ушул сыяктуу комплекстердин салынып жатканы кубандырат. Комплекс калктын социалдык аярлуу катмарына эсептелгенин өзүнчө белгилеп кетким келет. Курулуш аяктаган соң чындыгында муктаж болгон жарандар үйлүү болушат деп ишенем. Өкмөт өз тарабынан Жалал-Абад шаарынын мэриясы аркылуу инфратүзүмдүк суроолорду чечүүгө бардык зарыл жардамын көрсөтөт", - деген Марипов.

Аянты 1,5 гектар болгон анча чоң эмес шаарчада 6 көп кабаттуу үйдүн, медициналык жана маданий борборлордун курулушу пландалууда. Комплексте ошондой эле мектеп, тигүүчү цех, спорттук зал, бала бакча жана башка социалдык объектилер болот. Курулуш жана жасалгалоо иштерине бир жылга жакын убакыт каралууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, курулуш аяктагандан кийин социалдык объект толук бойдон Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: