super.kg logo

Казакстанда интимдик видеону таратып жиберем деп коркуткан жаран соттолду

 

Казакстандын Түркстан облусунда "бир тууган агамдын аялы менен көңүлдөш болгон" деген видеону таратып жиберем деп коркутуп, ири суммадагы акча талап кылган 33 жаштагы жаранга сот чечим чыгарды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 2020-жылы сентябрь айында жабырлануучуга белгисиз адам телефон чалып, эки сааттын ичинде 700 миң тенге таап бер деп талап кылган. Анда ал жабырлануучуга байкесинин аялы менен жыныстык катнашта болгонундагы видеону социалдык тармактарга таратып жиберем деп коркуткан. Ачууланган адам чалган адамга мындай иш кылбагандыгын жана ал жаңылып калгандыгын түшүндүрүүгө аракет кылган.

"Жабырлануучу мындай ишке такыр тиешеси жоктугун айтып, полицияга кайрылган. Кийин жабырлануучуга белгисиз номер менен чалган жарандын аты-жөнү такталган. Анын көп адамдарды ушундай жол менен коркутуп, акча алып жүргөнү аныкталган. Ал 33 жашта жана эки баланын атасы болгон. Полиция тарабынан ага карата кылмыш иши козголуп, айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган эмес. Бирок анын коркутууларынын телефондо жазылып калганы боюнча тийиштүү экспертизалар чыгып, анын күнөөсү далилденген. Сот анын жаш балдарын жана башка учурларды эске алып, 2 жылга эркинен ажыратты", - деп жазылат маалыматта.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: