super.kg logo

АКШда полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсүнө 27 миллион доллар төлөнүп берилет

 

АКШда полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсүнө 27 миллион доллар компенсация төлөп берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечимди Миннеаполис шаардык кеңеши кабыл алган.

"Жорж Флойддун өлүмү дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын үрөйүн учурду. Бул окуя адилеттүүлүккө болгон талапты жогорулатты. Бул сумма сотко чейинки эсептешүүлөрдүн эң чоңу болуп саналат", - деген Флойддун үй-бүлөсүнүн жактоочусу Бен Крумп.

Ал Флойддун үй-бүлөсү дагы компенсация чечимине ыраазы экендигин билдирген.

Буга чейин Миннеаполис шаардык кеңеши бир добуштан Флойд өлгөн көчөнүн атын "Жорж Флойд аянты" деп өзгөртүүнү чечкен.

Эске салсак, былтыр 25-майда теги африкалык болгон америкалык жаран Жорж Флойд полиция кызматкерлери тарабынан муунтулуп өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын көптөгөн шаарларында нааразычылык акциясы күч алып, башаламандык жаралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: