Орусияда сутка ичинде коронавирустан 500гө чукул адам каза болду
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 9 миң 908 адамдан коронавирус илдети аныкталды. 475 адам каза болсо, 12 миң 868 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус илдети аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 600 (айыккандар 1 469);
Санкт-Петербург - 943 (айыккандар 2326);
Москва облусу - 609 (айыккандар 429);
Нижегород облусу- 367 (айыккандар 419) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 4 миллион 380 миң 525 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 91 миң 695 адам каза болсо, 3 миллион 985 миң 897 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.