super.kg logo

УКМК: "Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды"

 

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылган.

"Бул факты боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды", - деп жазылат билдирүүдө.

Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.

Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2021. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиянын ичинде туруп курал кармоого уруксат кагазы бар чечендер,дагестер,кабардиндер бар.Алардын куралы азыркы автоматтар.Аларга кандай мумкун экен деймин да,пистолеттери жанында дайыма,а тойлордо соссуз ок чыгарышат.Мен муну менен бизде да ушундай бодсо дебеймин.Бул эски куралдарды мергенчилер ууга колдонушат ко.Кайсы бир мергенчиники эмеспи дегеним,бирок граната кайдан?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: