super.kg logo

"Аял киши менен чогуу". Кара-Кулжа районунда мал уурдаганга шектүүлөр кармалды

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда мал уурулук боюнча кылмыштуу топ кармалды. Мындай маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 6-мартында Кара-Кулжа районунун Кара-Кочкор айылынын Т.А аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2021-жылдын 5-мартында өзүнө таандык болгон бээсин жайыт талаадан уурдатып жибергендигин билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган окуяга түздөн-түз тиешеси бар болгон мурда бир нече жолу мал уурулук фактысы боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган 30 жаштагы Ж.у.Э аттуу жаран кармалып, Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармалуучу жайына киргизилген.

"Шектүү Ж.у.Эни кошумча сурак кылган учурда жылкыны уурдагандыгы маалым болгон. Анын бул окуяга өзү жалгыз эмес, өзүнүн шериктеши Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургуну 27 жаштагы Т.к.А (аял киши) аттуу жаран кошо бирге аталган окуяны жасагандыгы ачыкка чыккан", - деп жазылат билдирүүдө.

Ал эми азыркы учурда жогоруда аты аталган Т.к.А. Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө мал уурулук фактысы боюнча убактылуу кармоочу жайга киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
14.03.2021. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Т к А отурушу башкача го. Тойго келгендей
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: