super.kg logo
  Саясат  

ЖКда ЕККУ өлкөлөрүнүн парламентчилери менен онлайн режиминде байланышууга мүмкүнчүлүк бере турган видеоконференция тутуму орнотулду

 

Бүгүн төрага Асылбек Жээнбеков менен Бишкек шаарындагы ЕККУ (Европанын коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюму) Борборунун башчысы Сергей Капинос Бишкек шаарындагы ЕККУ Борбору тарабынан видеоконференция тутумунун жабдуусун Жогорку Кеңешке берүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту. Келишимге кол коюу жана тутумду ачуу аземине ЖКнын айрым депутаттары катышышты. Парламентте орнотулган бул видеоконференция тутуму ЖКнын депутаттарына иш убактысында бардык ЕККУга мүчө-мамлекеттердин парламентчилери менен кызматташтык маселелерин талкуулоого, республика аймактарындагы шайлоочулар менен байланышка чыгууга, министрликтер жана мекемелер менен маселелерди онлайн режиминде талкуулоого мүмкүнчүлүк берет. Видеоконференция тутумунун бет ачары учурунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек жана Ош шаарларындагы кеңселери менен байланыш түзүлдү. ЕККУ Борборунун башчысы Сергей Капинос видеоконференция тутуму дүйнөнүн 57 өлкөсүн өзүнө камтыган ЕККУга мүчө мамлекеттердин парламентчилери менен байланышка чыкса боло тургандыгын эске салды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: