super.kg logo

Кенже Көбөкова: "Байзактын эл сүйүп угуп жаткан үнү сакталып калсын деп ыр жаздырып жатабыз"

 

Дасторкон четинде ырдап интернет жылдызына айланган Байзак Кубанычбек уулу ырчы Кенже Көбөкова менен дуэт жаздырып, чыгармачылыкка алгачкы кадамын таштап жаткан учуру. Жаш талантка колдоо көрсөтүп жатканын айткан ырчы айым SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Байзак азыр айылда эле окуп жатат. Убактылуу шаарга келип менин үйүмдө жүрөт. Экөөбүз ыр жаздырып, форма тиктирип, фотосессия кылып жатабыз. Анан азыркы эл сүйүп жаткан таза үнү сакталып калсын деп ыр жаздырдык. Өткөөл куракка барганда үнү өзгөрөт да. Бирок Байзактан азырынча ал нерсе байкала элек. Ошондой эле көптөрдүн сунушу менен дуэт ырдадык. Эми дагы алдыда өзүнүн аткаруусунда бир ыр жаздырганы жатабыз. Өзүмдүн баламдай эле болуп калды, ал да мени апа деп жатат. Колумдан келген көмөгүмдү көрсөтүп жатам. Буюрса, мектепти бүтүп келсе, музыкалык окуу жайга тапшыруусуна да жардам берем", - дейт Көбөкова.






Дасторкон үстүндө обон созуп, таланты баарын таң калтырган Байзактын маеги

Автор: Медина Найманова
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
 Кыстарылган аудио 

Кенже Көбөкова "Эне-бала"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
05.02.2021. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байзак алып баруучу кызды суйуп калды. Козун албай карады го. Балалык таза суйуу ошол студиядан сыртка чыкпай калды (тамаша) Азаматтар. Кыргыздын таланттары тугонбосун
SUPER.KG видео
05.02.2021. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Байзак талантына баракелде. келечегин кен болсун. супер инфо жамаатына дагы рахмат ушул жигит менен байланыштырганына
Медиа-портал
17.03.2021. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үнүңдөн сенин.Азамат.
Жыргайсың го,үнүн угуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: