super.kg logo

Италиянын бир шаары үйлөрдү 1 еврого сата тургандыгын жарыялады

 

Италиянын Базиликата аймагында жайгашкан Лауренцана шаарчасында кароосуз калган үйлөрдү 1 еврого сатып алса болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн башка калктуу конуштарынан айырмаланып Лауренцана шаарчасы жашаганга абдан ыңгайлуу жер. Мындай кыймылсыз мүлктү сатып алуу үчүн эң көп дегенде 5 миң евро (болжол менен 505 миң 891 сом) талап кылынат. Лауренцана бийлиги адамдарга кыялындагы үйүн ашыкча каражат коротпой сатып алууга жардам берерин билдирди.

"Бул укмуштуу окуя эмес. Биз сатып алуучуларга ыңгайлуу болушун каалайбыз", - деди мэр Мишель Унгаро.

Ошондой эле жергиликтүү бийлик Италиянын бул аймагында салыктар салыштырмалуу төмөн экендигин эске алып, иш кагаздары үчүн да акыны төмөндөтүүнү чечкен. Ошол эле учурда объектти сатып алгандан кийин калыбына келтирүү иштери үч айдан кечиктирилбестен башталып, үч жылдын ичинде бүткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Учурда тарыхый шаарчада кароосуз калган дагы 50дөй имарат бар. Алар оңдоп-түзөөгө жана жаңы ээлерине муктаж.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.03.2021. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Италияга көчүп кетсемби? 499 евро берип турбайсыңарбы? 1 евром бар.
16.03.2021. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткедеги границадагы жерлерди да 1 сомдон саткыла
16.03.2021. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aibek_eka, өзүбүздүн жарандар үчүн дегин, болбосо биздин чондор даяр турат туугандарга сатып жибергенге.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: