super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров: "Эгерде 10-январда бүгүнкү Конституциянын долбоорун кабыл алганда, майдын аягына чейин шайлоолор бүтмөк"

 

"Эгерде 10-январда бүгүнкү Конституциянын долбоорун кабыл алганда, майдын аягына чейин шайлоолор бүтмөк", - деп президент Садыр Жапаров "Азаттыкка" берген маегинде билдирди.

"Мурда мен 1-июнга чейин бардык саясий процесстер бүтүшү керек деп айткам. Конституциянын долбоорун бүтүп алалы деп 1-июнга чейин жылдырганбыз. Үлгүрбөй калдык, 2 айлык убактыбызды жоготуп алдык. Башында эсиңиздерде болсо керек, президенттик шайлоо менен биргеликте Баш мыйзам долбоорун кошо референдумга коёбуз деген планыбыз бар эле. Оппозиция, бейөкмөт уюмдар митингге чыгышып "бизге парламенттик башкаруу керек" деп талап кылышты. Күнүгө митинг уланып жаткан соң эл ошону каалап жатат деп Конституциянын долбоорун токтотуп туралы дегенбиз. Силердин дагы ойду сыйлап, элдин өзүнө салалы деп 10-январь күнү элге эки суроо менен чыктык. Парламенттик башкарууну каалайсыңбы же президенттик башкаруубу деп тандоого койдук. Эгерде 10-январда бүгүнкү Конституциянын долбоорун кабыл алганда, майдын аягына чейин шайлоолор бүтмөк. Бул менин же башканын күнөөсү эмес. Октябрда шайлоо кылалы деп пландап жатабыз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: