super.kg logo
  Саясат  

Референдум. Стационардык тизмелер 29-мартка чейин түзүлөт

 

Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумга карата ооруканаларда дарыланып жаткан жана абактагы жарандардын тизмеси алдын ала түзүлүшү керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов SUPER.KG порталына билдирди.

Анын маалыматына ылайык, белгиленген күнгө чейин тизме түзүлбөсө, анда бул категориядагы жарандар добуш бере алышпайт.

Ушул эле тизмеге тергөө изоляторлорунда жана убактылуу кармоочу жайларда кармалган, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан адамдар, үзгүлтүксүз иштөө цикли бар ишканалардын кызматкерлери, аскерге милдеттүүлөр, аскер бөлүктөрүндө жашагандар жана алардын үй-бүлөлөрү киргизилет.

"Алар 10-апрель күнү добуш беришет" деди Бекматов.

"Эгерде Кыргыз өлкөсүнүн жараны республикадан 27-мартка чейин чыгып кетсе, ал башка өлкөгө келгенден кийин консулдук каттоодон өтүп, шайлоо дарегин өзгөртүү жөнүндө арыз бере алат. Бул норма чет өлкөдө жүргөндөр үчүн гана жарактуу", - деп кошумчалады Бекматов.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койгон.

Буга чейин, 11-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду кабыл алып, ага 100 депутаттын 94ү макул десе, алтоо каршы добуш берген.

Кыргыз өлкөсүндө быйыл, 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: