super.kg logo

"Ош базарындагы" "Бардыгы 50 сом" дүкөнүнөн чайнек, айна уурдаган балдарга сот өкүм чыгарды

 

Бишкек шаарынын "Ош базарындагы" "Бардыгы 50 сом" дүкөнүнөн чайнек жана айна уурдаган 22 жаштагы балдар келип кол коюп туруу милдеттенмеси менен бошотулду. Окуя 2021-жылы январь айынын аягында болгон. Өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына жарыяланды.

Окуянын чоо-жайы:

22 жаштагы 2 жаран өз ара алдын ала сүйлөшүп алып, 20-январда Бишкек шаарынын Бейшеналиева жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Бардыгы 50 сом” соода дүкөнүнүн ичинен баасы 900 сомду түзгөн “Витек” маркасындагы бир даана электр чайнегин жана баасы 450 сомду түзгөн “Миф” маркасындагы айнаны жашыруун түрдө уурдап кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга жалпысынан 1 миң 350 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Эки айыпталуучу тең 1999-жылы Талас облусунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, бойдок, убактылуу иштебеген, мурда соттолгон эмес, жашаган жерлери Чүй облусунун Сокулук району.

Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Ал эми жабырлануучу айыпталып жаткан балдарды кечирип, тосмо арыз жазгандыгын айтып, элдешип алганына байланыштуу ишти өндүрүштөн кыскартууну өтүнгөн.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
16.03.2021. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кап бечара балдар, тарткылык да, кайнаткан идиши жок ушу жолго барышкан да.
16.03.2021. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайдагы 1350 сом магазинде баардык товар 50 сом болсо керек эле
16.03.2021. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akyl78.1501,жакшылап ойлончу чайнек 5 кг айна 50 болмок беле
16.03.2021. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Taku.14.02магазиндин баасы эмне учун 50 сом анд*,
17.03.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ушуну сотко бербейле койбойбу. Мындан маанилүүрак жаңылык жокпу
17.03.2021. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Андан коро миллиард урдаса уй камагына деп үйүндө чалкалап жатмак
17.03.2021. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде кирин жууганга эч нерсеси жок эл.чайник менен порошок алып чыгышкан, студенттер болсо керек, балким төшоктө жаткан апасынын кирин жууй албай ушул жолго барган балдардыр. Эми милиция бул жерде экинчи уурдабай турган кылып катуу коркутуп туруп, ата энесин чакырып бошотуп эле жиберсе болмок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: