Жалал-Абад. Облуста 2012-жылдын 9 айында ВИЧ-СПИДге чалдыккандардын саны 91ге жетти
1-декабрь күнү Жалал-Абадда ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу акциясы өттү. Иш-чарага студенттер, шаар тургундары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Жалал-Абад облусунда 2012-жылдын тогуз айында ВИЧ-СПИДге чалдыккандардын саны 91ге жеткен. Учурда облуста ВИЧ-СПИДге чалдыккан 479 атуул каттоодо турат. Буга чейин Жалал-Абад облусунун аймагында 1-ноябрдан 1-декабрга чейинки бир айлык мөөнөткө ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу акциясы жүргүзүлгөн.
 Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
			
		 Рубрикадагы соңку кабарлар 
Рейтинг: 
 0 
		
		
     		
 0 
		
  Талкуу жабык.
	
Супер-Инфо
 super.kg видео
 
			 
			
			
 
 
 
 














