super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Беш-Капа - Жаңы-Турмуш унаа жолу техникалык жактан жараксыз абалда" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына окурман кайрылды. Анда ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Беш-Капа - Жаңы-Турмуш унаа жолу жараксыз экендигин айтып, айыл өкмөт башчысы оңдоо иштерин жүргүзбөй жаткандыгын билдирди.

"Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Беш-Капа - Жаңы-Турмуш унаа жолу техникалык жактан жараксыз абалда. Жолдун бардыгы чуңкурлар менен дөңсөөлөр. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы жолду оңдоп бербейт. 136-маршруттук автобустун айдоочулары техникалык талаптарга жооп бербеген жолдон улам унааларын тез-тез оңдоп турганга мажбур болуп жаткандыгына нааразы.

Бирок жол 22 миң адам жашаган Кызыл-Кыштак, Беш-Капа, Жаңы-Турмуш, Сураташ жыш отурукташкан айылдарды бириктирип турат. Өлкөнүн президенти Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына айыл тургундары көтөргөн көйгөйлүү маселелерди чечүү жана айылдык инфраструктураны жакшыртуу боюнча тапшырма берген.

Сыягы, президенттин тапшырмасы Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысына жетпей жатат. Тургундар жок дегенде райондук прокурор жана мамлекеттик экотехинспекциянын башчысы шалаакы жетекчиге өзүнүн түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарып, жолду асфальттоо үчүн тиешелүү көрсөтмөлөрдү берет деп үмүттөнүшөт.

Болбосо, жашоочулар бул жолду асфальттоого чара көрүү өтүнүчү менен өлкөнүн президентине жамааттык түрдө кайрылууга аргасыз болушат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2021. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айылдарда жол эле эмес телефон да тартпайт суу маселеси да чечилбей келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: