super.kg logo

"Жихадды жайылтуу менен алектенген". Бишкекте диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды

 

Бишкек шаарында "Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" эл аралык террордук уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, март айында "экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу, жөнөтүү же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу” беренеси боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында "Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" эл аралык террордук уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири, Жалал-Абад облусунун 1996-жылы туулган У.Д. аттуу тургундун үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.

"Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремисттик көз караштагы эл аралык террордук уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеологиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды. Мындан аркы жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

Базар-Коргон РИИБинин тергөө кызматы тарабынан У.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ мамлекеттеринин бирине барган кезде "Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" эл аралык террордук уюму менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргыз өлкөсүнө дагы алардын идеологиясын таратуу менен алектенип жүргөнү аныкталган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.03.2021. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ашыкча диний фанатизм жер жүзүндөгү бардык жамандыктардын булагы. Жихадчылар башка адамдардын жүйөөлөрүн “укпайт”. Жаңы нерсенин бардыгын четке кагып, ой жүгүртүүлөрүн чектешет. Динге тиешеси жок бардык көрүнүштөрдү өтө терс кабыл алышат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: