Ооганстанда согушкерлер студенттер отурган автобуска кол салышты. Каза тапкандар бар
Согушкерлер Ооганстандагы Баглан шаарынын университетинин мугалимдер менен студенттерди ташыган автобуска кол салышып, эки адам набыт болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, Пули-Хумри шаарына жакын жерде унаага ракета снаряды урунган. Кол салуунун натыйжасында, автобустун айдоочусу жана бир студент каза болуп, дагы алты мугалим жаракат алышкан.
Баглан полициясынын айтымында, кол салуунун артында радикал Талибан согушкерлери турат. Талибан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Ал эми автобуста болжол менен 25 мугалим жана студенттер болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.