Кадамжайда 22 жаштагы Гүласалхон Яхиева дайынсыз болуп изделүүдө
Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын Учкун айылынын тургуну 1998-жылы туулган Гүласалхон Яхиева өзү жашаган үйдөн 2021-жылдын 2-март күнү саат 08:00 чамасында чыгып кетип кайрылып келген эмес. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.Өзгөчө белгилери: Бою 155-160 сантиметр, ак жүздүү, кашы-көзү кара, чачы күрөң түстө, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө агыш түстөгү кофта жана боз түстөгү пальто, астына кара түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү кышкы бут кийим.
Сүрөттөгү Гүласалхон Яхиеваны таанып-билгендер болсо төмөнкү телефондорго байланышып коюну милиция кызматы суранат. Байланыш телефону: 102, 03655 5-02-29, 0704 276 416.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(2)
Tatu_8889
16.03.2021. 16:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ии биздин айылдан го,себеби бар бекен?
bond0202
16.03.2021. 18:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Tatu_8889,бир айылдан болсон себебин сен билесин да.тааныштарынан сура
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















