super.kg logo

SF Building курулуш компаниясы кыймылсыз мүлк агенттиктеринин мыктыларын сыйлоо аземин өткөрдү

 

11-мартта «Асман» ресторанында SF Building курулуш компаниясы тарабынан уюштурулган бизнес-кечки тамактануу өттү. Анда риелторлор үчүн агенттик программасынын бет ачары болуп, учурда кызматташып жаткан агенттерге сыйлыктар берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө компания жаңы өнөктөштөрдү Бишкек шаарынын түштүк тарабында курулуп жаткан Art City жана New City объектилери менен тааныштырып, кызматташуунун ыңгайлуу шарттарын сунуштады:

- SF Building компаниясы агенттер үчүн рыноктогу мыкты бонустук сетканы жана өз убагында төлөөнү сунуш кылат;

- компания риелторлордун кызыкчылыктарын коргоого жана талаш-тартыш жараткан учурларды чечүүгө даяр адвокат сунуш кылат;

- бардык өнөктөштөргө активдүү сатуулар үчүн кошумча бонустар жана белектер каралган.

Иш-чарада «Авеню» жана «Bishkek City» кыймылсыз мүлк агенттиктери, ошондой эле жөндөмдүү риелторлор Арапова Лилия Анатольевна, Рахматилла уулу Исламбек, Бактыбеков Тилек Бактыбекович сатуудагы жогорку көрсөткүчтөрү жана компания менен жемиштүү кызматташуусу үчүн компания тарабынан сыйланышты. Ал эми агенттер ак ниет эмгеги жана иштешүүгө түзүлгөн пайдалуу шарттары үчүн компанияга ыраазычылыктарын билдиришти.


Мындан ары да компания ушундай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууну пландоодо жана шаардагы бардык риелтордук компанияларды туруктуу кызматташууга чакырат.
Компания бардык кошумча суроолор боюнча маалымат берүүгө дайыма даяр. Дареги: Игембердиев көчөсү 1А, «Аврора» бизнес борбору, 5-кабат, 505-кабинет.

Тел.: 0555 50 50 50

Cайт: https://sf-building.kg/
Фейсбук: https://www.facebook.com/sfbuilding
Инстаграм: https://www.instagram.com/sfbuilding_kg/


SF Building курулуш компаниясынын кыймылсыз мүлкү – бул шаардын түштүк бөлүгүндөгү инфраструктурасы өнүккөн жана тоолордун кооз көрүнүштөрү менен престиждүү, экологиялык жактан таза райондо жайгашкан батирлер.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: