Өткөн жылдын декабрь айында сууга түшүп кеткен эркек кишини издөө иштери кайрадан башталды
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 2020-жылдын 27-декабрь күнү Жеңиш айылында эркек киши Ала-Буга суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Издөө иштери 2021-жылдын 6-январына чейин жүргүзүлгөн. Дарыянын жээктери муз болгондуктан издөө иштерин жүргүзүү мүмкүн болбой токтотулган.
Кечээ, 16-март күнү издөө иштерин улантуу максатында ӨКМнын №47 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн куткаруучу тартылды.
17-март күнү издөө иштери улантылат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:27
2025-07-01
8:26
2025-07-01

17:27
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.