super.kg logo

Түркмөнстанда "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" наамдары негизделди

 

Түркмөнстанда "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" деген ардактуу наамдар негизделди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президент Гурбангулы Бердымухамедов парламент кабыл алган "Элдик ит багаар" жана "Эмгек сиңирген ит багаар" деген ардактуу наамдарды түзүү боюнча мыйзам долбооруна кол койгон. Депутаттар наамдардын белгиленишин президенттин “улуттук тарыхый-маданий мурасты сактоо жана даңазалоо” саясаты менен байланыштырышкан.

Наам менен кошо төш белги жана “Жылдын мыкты түркмөн алабайы” деген медалдын эмблемасы да берилмей болду.

Түркмөн алабайы – орто азиялык дөбөттүн түрүнө кирет. Ал чабандардын короосун жырткыч жаныбарлардан кайтарган кароолчу ит катары белгилүү. Дөбөттүн бийиктиги 70 сантиметрге, салмагы 80 килограммга чейин жетет. Териси калың, жүнү катуу жана коюу болгондуктан суукка бышык.

Буга чейин Түркмөнстанда Алабай майрамы негизделсе, Бердымухамедов 2019-жылы алабайга арнап китеп жазган. Ошондой эле Ашхабадда жаңы салынган турак жай комплексинде түркмөн тукумундагы алабай итине эстелик тургузулуп, анын ачылыш аземине президент Гурбангулы Бердымухамедов өзү катышкан. Түркмөн башчысы Орусиянын президенти Владимир Путинге жана премьер-министр Дмитрий Медведевге алабай породасындагы итти белекке берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.03.2021. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир эле а, ит багар. Багаар эмес.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: