super.kg logo

Чүйдө 66 жаштагы аялдын унаасын алып, акчасын бербей жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Чүйдүн Аламүдүн районунан алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, март айында Аламүдүн РИИБине Чүй облусунун 66 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Арызда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип, Опель унаасын алып, бир нече күндүн ичинде акчасын берем деп алып кеткен боюнча акчасын бербей жүргөнүн билдирген.

Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, шектүү катары 41 жаштагы Т.К. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жаран ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы маалым болгон.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: