Селена Гомес музыкалык карьерасын токтотот

АКШлык ырчы жана актриса Селена Гомес музыкалык карьерасын жыйынтыктагысы келгенин жарыялады. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмалардын бирине маек берип жатып билдирген.
Маалыматка караганда, 28 жаштагы поп-жылдыз Селена себебин көрүүчүлөрү татыктуу сый-урмат көрсөтпөй жатканы менен түшүндүргөн.
"Адамдар ырчыга олуттуу мамиле кылбаса, ыр жаздырууну улантуу кыйын. Мен эмне үчүн бул нерсени улантышым керек?", - деп билдирген Гомес.
Ырчы буга чейин 2019-жылы чыгарган эң мыкты ыры "Lose you to love me" болгонун белгиледи. Ал кино жана телекөрсөтүү тармагына көбүрөөк убакыт бөлүүнү каалап, мындан ары ушул тармактан ийгиликтерди багындырарын кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.