Норвегияда коронавирустун үчүнчү толкуну башталганы жар салынды
Норвегияда коронавирус илдетинин үчүнчү толкуну башталганы жар салынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.
Жазылган маалыматка караганда, акыркы сутка ичинде 1 миң 156 адамда аталган илдет аныкталса, алардын ичинен 495и Норвегиянын борбору Осла шаарында болгон.
"Коронавирустун эң жугуштуу түрү менен жабыркагандар өзгөчө Осла шаарында көп катталып жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан Осла, Викен жана башка аймактарга катуу чараларды киргизүү керек", - деген Норвегиянын саламаттыкты сактоо министри Бента Хёйе.
Ошондой эле министр абал оңолбосо, улуттук деңгээлдеги катаал чаралар киргизилерин кошумчалаган.
Пандемия башталгандан бери Норвегияда 82 миңден ашуун адам коронавирус илдетине кабылган.
Белгилей кетсек, 16-мартта Францияда коронавирустун үчүнчу толкуну жүрүп жаткандыгы маалымдалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.